УКМК: Ысык-Көлдө укук коргоочу Камилжан Рузиев кармалды

422

«Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө документтерди жасалмалоо фактысы боюнча Ысык-Көл областында «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси, 1963-жылы туулган Рузиев Камилжан Якупович кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмү (документтерди жасалмалоо) жана 204-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда УКМК бул кылмышка катыштыгы бар башка адамдарды тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

К.Рузиевден жабыркагандар болсо КР УКМК Ысык-Көл областтык башкармалыгынын 03922 51180 жана КР УКМК Нөөмөт бөлүмүнүн 0312 660475 телефондоруна кайрылсаныздар болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь