Өзгөндө муктаж 100 үй-бүлөгө турак-жай курулууда

312

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева менен депутат Сагындык Келдибаев Өзгөн районунун Куршаб айлында аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө салынып жаткан социалдык турак-жайлардын курулушунан кабар алышты.

Белгилүү болгондой курулуш иштери ушул жылы башталган. Бул үчүн Куршаб айылынын аймагынан 2.95 гектар жер бөлүнүп берилген. Учурда үйлөрдүн пайдубалынын курулушу жүрүп жатат. Социалдык үйлөр “Ас-Сафа” коомдук фонду тарабынан каржыланууда.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү турак-жай менен камсыз кылууда “Ас-Сафа” коомдук фондунун көмөгү чоң экендигин белгилеп: “Жакыр үй-бүлөлөргө социалдык колдоо катары турак-жай менен камсыз кылуу иштерин буга чейин аталган фонд Баткен, Чүй облустарында ишке ашырып келген. Эми минтип Өзгөн районундагы 100 үй-бүлөнү да үй менен камсыз кылып жаткандыгы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, – деди.

Эскерте кетсек, курулуш иштери ушул жылдын күз айларына бүткөрүлүп,пайдаланууга берилет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь