Армениянын премьер-министри Никол Пашинян коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт башчы өзү Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди .
Анын айтымында коронавирус инфекциясы үй-бүлө мүчөлөрүнө дагы жуккан.
“Кечинде коронавирус инфекциясынын тестинин анализи оң болуп чыкты. Менде эч кандай оорунун белгилери болгон эмес, бирок фронтко барардын алдында тест тапшырууну чечкем. Үй-бүлөм дагы менден жугузуп алыптыр”, – дейт Пашинян.
Бүгүнкү күндө Арменияда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 9282ге жетти, 131 бейтап каза болду.
Մեր թեստը, ցավոք, դրական է։
Опубликовано Nikol Pashinyan / Նիկոլ Փաշինյան Воскресенье, 31 мая 2020 г.