Атасын жалгыз караган 13 жаштагы Нургазынын үйүнө шарт түзүлдү (сүрөт)

732

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Мээркан айылынын 13 жаштагы жашоочусу Нурбектен кабар алды. Нурбектин атасы мүмкүнчүлүгүнөн чектелген. Шаар мэри Нурбектин сабак окуусуна шарт түзүү максатында парта, отургуч, телефон, уктоочу керебет, азык-түлүк жана китеп текчесин алып барды. Шаар башчысы жашоо шарты менен таанышып, жаңы үй салууга 100 миң сом жардам көрсөтмөй болду деп билдирет басма сөз катчысы.

Мэрдин ушундай эле жардамы шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 3-класстын окуучусу Анархандын үйүнө да жеткирилип, Анархандын бир туугандары менен жашаган бөлмөсүнө шарт түзүлдү. Анархан 3 бир тууган болуп, апасы жалгыз бой эне.
Шаар башчысы “Бир балага-бир демөөрчү” акциясынын алкагында социалдык колдоого муктаж балдарга каалоочуларды көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь