Баткендеги чек ара чырынан канча адам жабыркаганы айтылды. Эки адамдын абалы оор

503

Баткен облсунун Чечме айылындагы чек ара чыр-чатагынан улам Айдаркендин ооруканасына 15 жаран ар кандай жаракаттар менен кайрылды.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мекемеден маалым болгондой учурда 15 жарандын төртөө ооруканада калтырылган калганы үйдөн дарыланууга кое берилген. “Медициналык жардамга кайрылгандардын экөөнүн абалы оор, экөөнүкү каанаттандырарлык”, – дейт министрликтен.

Мекеме кошумчалагандай, жабыркангандар бардыгы керектүү дары-дармектер менен камсыз болгон. “Чатак чыккан аймакта тез жардамдын эки тобу нөөмөттө турат. Баткенден саламаттык сактоо боюнча облустагы координатору менен бирге реанимотолог жана травматолог адистери жөнөтүлгөн”

Белгилей кетсек, кечээ, 31-майда аталган аймакта эки өлкөнүн жарандары ортосунда чатак чыгып, ал бири-бирлерине таш ыргытуу менен коштолгон. Бүгүн белгилүү болгондой Баткен облусуна Биринчи виц-премьер-министр Кубатбек Боронов барып, чек арадагы абал боюнча Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушуу өткөрөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь