Баткенде жоокерге ок аткан командирди жоопкерчиликтен бошотушту

525

Баткен райондук соту Генералдык штабдын №30630 тоо аткырчтар ротасынын командирин сот жоопкерчилигинен бошотту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын бирине өздүк булактары маалымдашкан.

Анда айыпталуучуга “Курал жаракты колдонуудагы эрежени бузуу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилүү болгондой, аскер бөлүгүнүн окуу полигонунда аскер бөлүгүнүн командири куралдан практикалык ок атуу боюнча машыгуу жүргүзүп жаткан. Ошол маалда ок дары рикошет аркылуу келишимдик түрдө кызмат өтөп жаткан жоокердин моюнуна барып тийген. Анын натыйжасында жоокердин ден-соолугуна оор зыян келтирилген. Сот болсо айыпкерге амнистия колдонуп, кылмыш жоопкерчилигинен бошоткондугу маалым болду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь