Бүгүн 1-июнда Бишкек шаарында ысык суу берүү өчүрүлдү. “Бишкекжылуулуктармагынан” билдиргендей суу берүү 1-июлга чейин үзгүлтүккө учурайт.
Бир ай убакыт аралыгында суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Ал эми борбор калаадагы фонтандар бүгүнтөн тарта иштей баштайт.