Бүгүн саат 14:30дар чамасында 4 жаштагы Алим жоголгону кабарланган. Бир нече сааттан кийин борбор калаадагы фонтандан табылды деп маалымдады эжеси.
Жаш бала Спорт сарайы жактан жоголуп, Улуттук филармониянын жанындагы фонтанда түшүп жүргөн жеринен табылды.
“Бир жигит фейсбуктан көрүп, баланы көргөнүн кабарлады. Филармония жакка кетип бараткан деди. Барсак фонтанда түшүп атыптыр. Атасы эки-үч жолу алып барган экен, жолду эстеп калыптыр“,- дейт эжеси.