COVID-19 илдети, андан кийин дүйнөлүк пандемия алгач Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз азыктары жайгашкан базардан тараган деген маалымат чыккан. Эми Кытайдын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө улуттук борбору бул версияны четке кагып, Ухань шаарындагы деңиз азыктарынын базары болгону башка жерден келген илдеттин курмандыгы экендигин билдиришти.
Ал үчүн адистер базардагы деңиз жандыктарынын генетикалык анализдерин алышкан. Анда белгилүү болгондой жандыктардан COVID-19 илдети табылган эмес. Андыктан алар сатуучулар жана кардарларга ооруну жуктурушу мүмкүн эмес. Борбордун директору Гао Фунун айтымында базар илдеттин алгачкы очогу болгон эмес, ал болгону илдеттин жолундагы дагы бир курмандыгы болгон.
Ошол эле маалда кытай окумуштуулары оору жарганаттан берилгендигин так аныкташкан. Бирок, адамга ал башка жандыктан жуккан. Учурда COVID-19ду жуктуруп алган “алгачкы бейтапты” табуу мүмкүн болбой турат. ЖАкын арада Кытайга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан окумуштуулардын жоон тобу барганы турат. Илимий миссияда бир катар өлкөнүн окумуштуулары бар.