Ош шаарында айдоочу унаасын башкара албай жол кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.
Жол кырсык бүгүн саат 11:30 чамасында Т.Турсунбаева көчөсүндө болгон. «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги бетон электр мамысын сүзгөн. Жол тескөөчүлөр окуя болгон жерге барганда алгач айдоочуну таппай калышкан. Учурда айдоочу табылып, тиешелүү протоколдор түзүлүүдө.