Түндө Кубакыда эки унаа сүзүшүп бир адам каза тапты

461

Кочкор районунда 1-июнь күнү саат 00:13тө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кубакы ашуусу) “Мерседес-Бенц S211” жана “Тайота Хайландер” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, 1 аял киши каза болду деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Жерине Кочкор райондук №42 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан алып чыгышып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь