УКМК Беловодск жатак-мектебинин окуучуларын куттуктады

283

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата УКМК кызматкерлери Беловодск орто билим берүүчү атайын жатак мектебине барып келишти.

Комитеттин жетекчилигинин жана өздүк курамынын атынан жатак мектептин тарбиялануучуларына, кызматкерлер чогулткан каражаттарга алынган оңдоп-түзөөгө керектелүүчү боёп-сырдоо материалдары тапшырылды.

Жатак мектептин директору В.Наспекова УКМК кызматкерлеринин ар жыл сайын көрсөтүп келген колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда жатак мектептеги көйгөйлөр талкууланып, аларды чечүүнүн жолдорун жана көмөк көрсөтүү багыттарын аныктоо менен жыйынтыкталды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь