Кечээ, 31-майда Бишкек шаарынын Учкун кичирайонундагы Чоң Чүй каналына өспүрүм чөгүп кеткен. Бул тууралууу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя боюнча чалуу саат 17:18де болгон. Куткаруучулар 2002-жылы туулган М.Н., аттуу баланы суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.