ИИМ: Айеркен Саймаитини мусулман болбогону үчүн өлтүрүшкөн (видео)

430

Бүгүн 2-июнда Айэркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму болду. Отурумга ЖК депутатары – Талант Мамытов, Закир Шарапов, Аалы Карашев, Жаныбек Бакчиев, Данияр Төлөнов, ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов, ИИМдин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов, УКМКнын КККК өкүлдөрү жана башка уку коргоо органдары катышышты.

Тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурмановдун айтымында, Түркия тарап Айеркен Саймаитини Сирияда террористтик машыгууларга катышкан Өзбекстандын жараны өлтүргөнүн билдирген.

“Ал Түркиянын аймагынан террористтик топтогу дагы үч адам менен жолугушуп, бирге бул кылмышка барышкан. Кылмышка баруунун негизги себеби  -Айеркен Саймаити мусулман болгон эместигин алгачкы суракта айтып берди. Кылмышка шектүү эки жаран Кыргызстандын жараны деген маалымат тастыкталган жок. Дагы бир катышуучу Ош облусунун Араван районунда туулган болушу мүмкүн. Бул маалымат текшерилип жатат”,- деди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь