Бишкектеги “Космопарк” оюн-зоок борборунун жанында узун, чоң жылан жүргөнүн күбө видеого тартып алган. Андагы видеодон, узундугу эки метрден ашык жоон, кара-чаар жылан чөптүн арасында жүргөнүн көрүүгө болот. Бул видео 1-июнь күнү тартылган.
Айрым маалыматтарда жылан борбордогу экзотикалык кичи-зоопарктыкы. Аны атайын сыртка сейилдетүүгө алып чыгышкан жана элге зыяны жок экени айтылат. Ошол учурда белгисиз жаран видеого тартып алып тараткан.