Бишкекте толугу менен курулуп бүтө элек көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Кырсык Жунусалиев жана Ажыбек Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү саат 15:43тө түшкөн.
Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин тилсиз жоону басууга үлгүрүшкөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби азырынча белгисиз.