Буту баспай ооруп жаткан Малик Аликеев сыйлыкка көрсөтүлдү (сүрөт, видео)

1 759

Бүгүн, 2-июнда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кыргыз элинде өзгөчө таланты менен элге таанылган өнөрдүн ээси Малик Аликеевден кабар алды.

Анда учурда ырчынын ден соолугу, жакынкы аралыкта өтө турган операциясы жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшүп, ырчынын өзгөчө талантын эске алуу менен Маданият министрлиги аны мамлекеттик сыйлыкка көрсөтө тургандыгын маалымдады.

Эске салсак, учурда Малик Аликеев Таласта болгондугуна байланыштуу, кабар алуу вотсап аркылуу жүргүзүлүп, ага министрдин орун басары Кайрат Иманалиев да катышты.

Белгилей кетсек, атактуу аткаруучу Малик Аликеевдин төшөктө отуруп алып ырдаган ыры социалдык тармактарда тарап, коомчулук анын саламаттыгына тынчсызданган. Өнөр ээси 6 айдан бери ооруп жатат.

МАЛИК АЛИКЕЕВ. Ден соолукта болуңуз, Жараткан шыпаасын берип тезирек сакайып кетиңиз! Биз сизди сахнадан көргүбүз келет. 🎧🎙👏👏👏 🎼🎶🎼🎶Жакшы жашап, ушул жалган дүйнөдөн,Жарык бойдон өтсө болду жүзүбүз…

Опубликовано Гулирой Чоткараевой Суббота, 30 мая 2020 г.

Комментарии

  1. Сыйлыкка көргөзүп абдан туура иш кылып жатыпсыздар! Ооруп жаткан чыгармачыл адамга бул чоң стимул!!!
    Таланттарды, деги эле жакшы адамдарды көзү тирүүсүндө сыйлаганды үйрөнөлүчү!

  2. Сыйлык алуу менен бирге Малик Аликеев кубанычтан сакайып кетсин.Мындай таланттарды сыйлайлы анткени кайра бул талант кайталанбайт.Маданият министрлиги таланттуу инсандардан кабар алуу ишин уланта берсин.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь