Курманбек Бакиев анын үстүнөн эл аралык соттун кароосун өтүндү

665

2010-жылдын 7-апрелинде Беларусияга качып кеткен экс-президент Курманбек Бакиев аны экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын демилгесине биринчи жолу 24.kg маалымат агенттигине өзүнүн пикирин билдирди.

Буга чейин башкы көзөмөл органы Курманбек Бакиевге жана анын жакын туугандарына, анын ичинде уулу Максим Бакиевге карата оор кылмыш беренелери менен сот сырттан айып такканын эске салган. Бардык кылмышка катышкан адамдар  ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылып, Бакиевдерди өлкөгө кайтаруу чараларын көрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Бакиев Башкы прокуратураны “популисттик риторикалар” менен алектенүүнү токтотууга чакырды.

Мен аларга (Башкы прокуратура) өлкөдөгү ички сот-укуктук системаны иретке келтирип алууга кеңеш бермекмин. Бир жолу мен Кыргызстандын прокуратура өкүлдөрү менен Лондон сотунда жолуктум. Соттун чечиминин жыйынтыгында сиздерге белгилүү болгондой, прокуратура органдары сотто айыптуу өкүмдү чыгарууга жетишүү үчүн далилдерди бурмалагандыгы боюнча олуттуу негиздер бар деп эсептөөгө болот. Мен Улуу Британиядагы сотто каралган Шона Дейли иши жөнүндө айтып жатам. Айта кетчү нерсе, мен жана менин үй-бүлөмдүн башка мүчөлөрү да жашырынган жок, жөн гана сотко бардык жана ага катыштык”, – деди Курманбек Бакиев.

“2010-жылдын апрелинен бери БУУнун алкагында же башка көз карандысыз тергөө жүргүзүлүшү керектиги тууралуу айтып келе жатам. Бирок бул эч кимге кереги жок болду, эмне үчүн экени толук түшүнүктүү. Эгерде көз карандысыз сот мени күнөөлүү деп тапса, абакка алардын аракети жок эле өзүм барам”, – дейт Бакиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь