Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, кыргызстандык ок жеди

573

Кыргызстандын Чек ара кызматы 2-июнга караган түнү Баткенде, кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын жана анда курал колдонулганын билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен районунун Эски-Таш аймагында түнкү саат 01.20 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аң уулоочу куралдан Ош-Исфана автожолунда бара жаткан кыргызстандык жаранга бир нече жолу ок чыгарышкан. Кыргызстандык айдоочу октон жеңил жаракат алып, Самаркандек айылдык ооруканасына жеткирилген.

Мекеме окуя болгондон кийин эки тараптын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жолугушканын, милиция чатак болгон жерде тергөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.

2-июнь, саат 10догу маалымат боюнча кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экени кабарланды.

Тажикстан тарап бул окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Булак: Азаттык

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь