Өткөн сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында 79 жаштагы аял киши COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
Каза болгон аял 13-майдан бери ооруканада дарыланып жаткан.
“29-майда реанимацияга, ал эми 30-майда пневномияга күмөн болуп, инфекциялык госпиталга которулган. Бирок кечинде абалы кескин түрдө курчуп, көрүлгөн медициналык чараларга карабастан жүрөгү токтоп каза болду“, – дейт ал.
Үсөнбаев кошумчалагандай, өлкө боюнча жалпы каза болгондордун саны 17 кишини түздү.