УКМК: Айеркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн

532

Айеркен Саймаити “Азаттык” радиосунун журналисттерине 100 миң доллар төлөгөндүгү тууралуу бизге күбөлөр көрсөтмөлөр берди.” Бул тууралуу Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отурумунда УКМКнын өкүлү Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Анын айтымында, Айеркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерин жалдап, аларга 100 миң төлөгөнү тууралуу факттар бар. Анын билдиргени боюнча, ал факттар эки күбөдөн алынган.

Эскерте кетсек, Айеркен Саймаити 10-ноябрь күнү Стамбулда өлтүрүлгөн. Саймаитини ал кафеде отурган кезде атып кетишкен. Анын аты “Азаттыктын” журналисттик иликтөөсүндө айтылып, ири акча каражаттарын сыртка чыгарууда Саймаитинин Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен байланышы тууралуу сөз болот.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь