Ысык-Көл облустук милициясы Зындан айылынын тургуну 36 жаштагы Аманболго карата ден-соолугуна залал келтирүү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин токтотту.
2-май күнү Аманбол А. денесиненен жаракат алып ооруканага түшкөн, бул боюнча Ак-Суу райондук ооруканасынан милицияга кабарлашкан. Жабырлануучу Кутургу айылында балдар менен ичимдик ичип отуруп мушташа кетишкенин, ошондон жаракат алганын ыкчам топко айтып берген. Ал Курманбек аттуу жаран менен мушташа кетип, бычак менен кулактарын кесип салган.
Бул факт 139-берене менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кылмышка шектүү делип 29 жаштагы К. уулу Курманбек кармалып, ал күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алган.
22-майда соттук-медициналык экспертизанын корутундусун эске алуу менен кылмыш иши Жоруктар кодексинин 66-беренесине которулган. Жабырлануучу Аманбол тосмо арыз менен кайрылып, айыптоону колдоодон баш тарткан. 28-майда тергөөчү сотко чейинки өндүрүштү токтоткон.
Облустук милициядан билдиргендей, экөөнүн ортосундагы чыр Балбай баатырдын тарыхына эч кандай тиешеси болгон эмес.