2-июнга карата коронавирус жуккан жаңы 28 учур катталды

255

Кыргызстанда 2-июнга карата коронавирус жуккан жаңы 28 учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 1 миң 845 адамга жетти.

Сутка ичинде Бишкек шаарында – 11, Нарын облусунда – 1 жана Ош шаарында – 16 жаңы учур катталды“, – деди ал.

Ош шаарында сутка ичинде 2 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь