Бажы кызматкерлери 1 млн сомдон ашуун суммадагы аткезчилик товарларды кармады (сүрөт)

391

Маалыматка ылайык, “Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ноокат районуна караштуу Үч-Бай айылында К. уулу Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Volvo” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшеришкен. Унааны текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11400 кг кургатылган жемиштер табылды. Кармалган товардын орточо базар баасы 582 000 сомду түзөт.

Мындан сырткары, Баткен областындагы “Жаштык” байкоочу постуна жакын жерде, Тажикстандын аймагына мыйзамсыз товар чыгарууга аракет жасоо маалында С.Р. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унааны токтотуп, текшерүүгө алган. Текшерүү учурунда унаадан дары-дармек каражаттары жана алкоголдук продукциялар табылган. Айдоочу чыгарылып бара жаткан товарлар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Кармалган товардын орточо базар баасы 500 000 сомдон ашуун.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь