Дастанбек Жумабеков: Коронавирустан улам парламенттик шайлоо жылдырылышы мүмкүн

343

Азыркы учурда COVID-19 пандемиясы качан токтоорун эч ким так айта албайт. Биздин Саламаттык сактоо министрлиги эмес, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да бул боюнча маалымат бере албай жатат. Андыктан күзүндө өтүүчү шайлоо да ушул пандемиядан көз каранды. Мындай пикирин ЖК төрагасы Дастанбек Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирген.

Белгилей кетсек, парламенттин VII чакырылышына шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Өзгөчө абал — бул Баш мыйзамда жазылган өзүнчө бир чоң мыйзам. Ал өкүм сүрүп турганда, мыйзам боюнча, шайлоо өткөрүлбөйт. Эгер күзүндө абал азыркыдан курчуп кетип, кайрадан өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болсок, анда парламенттик шайлоонун да мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн. Бирок баарыбыз гигиеналык эрежелерди сактап, бул оорудан арылуу аракетин көрөлү. Элибизден коронавирус батыраак чыгып кетсин”, — деди Жумабеков.

Төрага өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдери өз убагында киргизилип, өлкөдө система жакшы иштеп жаткандыгын айтып, элди учурдагы санитардык-карантик эрежелерди да так сактоого чакырды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь