Жердин акчасын алып алдап жүргөн 60 жаштагы аял кармалды

322

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Чүй ОИИББнен билдиргендей, 2019-жылы 7-июлда 51 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, жакшы тааныш эмес аял Ак-Ордо конушунан жерин сатам деп убадалап 3000 долларын алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин айткандарын аткарбай, же жерден же акчадан жок, алдамчылыктын курмандыгы болгон.

Бул окуя КЖБРге “алдамчылык” беренеси менен катталып, анын негизинде Сокулук РИИБнин кызматкерлери 21-майда шектүүнү кармашты. Ал 60 жаштагы А.С. аттуу аял болгон, учурда аны №1 тергөө абагына киргизишти.

Тергөөдө аялдын башка дагы ушул сыяктуу фактыларга катыштыгы аныкталып жатат. Эгер жабыркагандар болсо милицияга кайрылыңыздар: 0 (312) 60-75-67; 0(508) 88-82-00; 0(709)75-00-05.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь