“Ош-Тазалык” ишканасына 12 атайын техника тапшырылды (сүрөт)

889

Бүгүн, 3-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов “Ош-Тазалык” муниципалдык ишканасына 12 атайын техникалардын ачкычын тапшырды. Жаңы 11 атайын техника Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун алкагында алынганын мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.

Мэр шаардын тазалыгы үчүн “Ош-Тазалык” ишканасынын техникалары толук жаңылана турганын айтты.

“Быйыл 13 млн сом акча каражаты каралып, жаз-жай мезгилинде жолдорду суу сээп жууш, кыш мезгилинде кардан тазалоо үчүн 4 даана атайын техникаларды сатып алуу үчүн тендер өткөрүлүп, жеңүүчү менен келишим түзүлдү. Буюрса бул техникалар да июль айында алынып келет. Баарыбызга белгилүү болгондой учурда Ош шаарында катуу таштандыларды чыгарууну жакшыртуу боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде жумуштар жүргүзүлүп жатат. Долбоордун жалпы баасы 10 млн. Еврону түзүп, анын 50 пайызы банк тарабынан кредит катары, ал эми 50 пайызы грант катары Европа биримдиги тарабынан берилет. Долбоордун алкагындагы дагы бир компонент – таштандыларды ташуучу атайын техникаларды сатып алууга 1,9 млн. Евро каралып,бүгүн сиздер көрүп турган 12 даана атайын автоунаалар 545,0 миң Евро акча каражатына алынып келди. Ал эми калган 1,4 млн. Евро акча каражатына сыйымдуулугу 16 м3 болгон дагы 12 даана атайын автоунааларды сатып алуу үчүн июнь айынын аягына чейин банк тарабынан тендер жарыяланмакчы”,-деди шаар мэри Т. Сарыбашов.

Бул долбоордун алкагында жаңы санитардык полигонду куруу, шаардын аймагында контейнерлер жайгашкан жерлерди жана ишкананын гаражын оңдоо пландаштырылган.

Комментарии

  1. Have you ever thought about including a little bit more than just your
    articles? I mean, what you say is fundamental and all.
    However imagine if you added some great images or video clips to give
    your posts more, “pop”! Your content is excellent but with pics and video
    clips, this website could undeniably be one of the best in its field.
    Good blog!

    Here is my web page; webhosting

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь