Таласта абакта отурган жигит кан тамырын 3 жеринен, андан кийин курсагын кесип жиберген (сүрөт)

492

Талас облусунда абакта отурган 25 жаштагы жигит өз өмүрүн кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Талас облусундагы өкүлү Нурлан Абдыраимов билдирди.

Маалыматка караганда, ал 2-июнь күнү Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы убактылуу кармоочу жайга барган. Абактан 1995-жылы туулган И.Т. аттуу жигиттин оозеки түрдө даттануусун уккан.

И.Т. өз сөзүндө 30-майдан 31-майга караган түнү Талас шаарындагы убактылуу кармоочу жайда колунун кан тамырын 3 жеринен, андан кийин курсагын кесип, өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Андан кийин ага жардам көрсөтүлүп, Кызыл-Адырдагы абакка которулган.

Ал буга катар эле өлүм алдында ата-энесинен кечирим сурап кат жазганын билдирген. Бирок эмне үчүн өзүн өлтүрүүнү каалаганы тууралуу суроого өмүрү үчүн коркуп жатканын айтып жооп берүүдөн баш тартты. Бул боюнча арыз жазууга да макул болгон эмес. Бирок буга карабастан И.Т.нын оозеки даттануусу, сүрөттөр жана видео иликтөө үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилет.

Булак: www.turmush.kg

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь