Арменияда 52 жаштагы киши өзүн криминалдык авторитетмин деп тааныштырып, акча үчүн кылмыш наамдарын саткан. Шылуун көп учурда Крым, Кубани жана Түндүк Кавказдагы өспүрүмдөрдү алдаган.
«Вести.uz» басылмасы жазгандай, кримтөбөлмүн деген жаран Telegram аркылуу балдарды тузагына илген. Ал кардарларына түрмөдө отурганын айтып, бирок криминалдык титулду алуу үчүн акчага жардам берерин билдирген. Skype аркылуу наамды расмий ыйгарып келген. Алдамчы адам үйдүн жер төлөсүн түрмөнүн камерасы менен жабдып, ал эми анын жакындары камерада отургандардын ролун ойногон.
$100 – «чёткий пацан», $500 — «стремянной» (кылмыш дүйнөсүнө аралашууну көздөгөн адам), $200–700 «подлец» же «крыса» деп атаган.
Мындан тышкары эки жолу “мыйзамдагы ууру” үчүн €5000ден акча алган.
Учурда армениялык адамга кылмыш иши козголгону же козголбогону белгисиз.