“Дордой” футбол клубунун жана Улуттук кураманын чабуулчусу Мирлан Мурзаевге операция жасалды. Акыркы жарым жылдан бери тизеси жанын кыйнап келгенин Кыргыз футбол бирикмесинен билдирди.
3-июнь күнү бутунан операция жасатты.
“Өзүмдү жакшы сезип жатам. Операция ийгиликтүү өттү. Сезон жандангынча катарга келип кошулам деген үмүттөмүн. Колдоо көрсөткөн Аскар Салымбековго чоң рахмат“,- дейт Мирлан Мурзаев.
⠀