Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда

256

Борбор каалабыз Бишкекте коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору бойдон калууда. 4-июнга карата, Бишкек шаарында лабораториялык изилдөө менен коронавирус 499 адамда тастыкталды. Алардын 77си четтен келген жана 422си байланышта болгон жарандардан аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам турат. Ага карабастан, айыгып ооруканадан чыгарылган бейтаптардын саны да жогору болуп – 300 адамга жетти“,- деп билдирди вице-мэри Татьяна Кузнецова.

Брифингдин спикери шаардыктарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугун сактоого, беткап тагынууга, социалдык аралыкты жана санитардык ченемдерди аткарууга чакырды. Бардык уюмдардын, дүкөндөрдүн жана кафелердин жетекчилери кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптарды сактоо боюнча жоопкерчилик алаарын баса белгиледи.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь