ВИДЕО- Бүгүн депутаттардын көптөн күткөн майрамы

278

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Дастан Жумабеков эл өкүлдөрүн бүгүнкү парламентаризмдин кесиптик күнү менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө учурдагы жана буга чейинки парламенттин бардык мүчөлөрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, парламенттин коомдогу ордун, ролун баса белгиледи. Аны менен бирге Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары тарабынан өлкөдөгү социалдык маселелерге багытталган мыйзам, мыйзам долбоорлору, токтомдор кабыл алынгандыгын белгилеп, жакын арада ал өз жемишин бере тургандыгынан ишеними чоң экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, 1938-жылы Кырыз ССРнин Жогорку Совети ишке киришип, 2018-жылы Кыргыз Республикасында парламентаризмдин 80 жылдыгы белгиленген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь