Депутаттар кыргыз-казак чек арасындагы көйгөй чечилмейинче бир дагы маселе карабайт

217

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-казак чек арасындагы маселелер чечилмейинче ЕАЭБге байланыштуу бир дагы маселени карабай турган болду. Мындай чечим комитет тарабынан кабыл алынды.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, “Кыргыз-казак чек арасында үч күндөн бери чоң жүк ташуучу унаалар узун тыгындан улам чек арадан өтө албай турат. Ошондон улам күн тартибинен ЕАЭБге байланыштуу бардык маселелерди күн тартибинен алууну сунуштайм. Аны менен бирге өкмөт тез арада ЕАЭБдин катчылыгына тез арада нота жөнөтүшүн талап кылышыбыз керек”, – дейт эл өкүлу.

Комитеттин төрагасы бул сунушту добушка коюп, ал бир добуштан колдоого ээ болду.

Белгилей кетсек, учурда кыргыз-казак чек арасында жүздөгөн кыргызстандык оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары чек арадан өтө албай, көп деген ишкерлер зыян тартууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь