Жазуучу, “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир жубайынан коронавирус табылып, Канттагы ооруканага жаткырылганын билдирди.
“Өзүмдүн келинчегим Назгүл коронавирус жуктуруп алган экен. ӨКМдин кызматкерлери келип үйүбүздүн ичин, сыртын эшик-тешигине чейин дезинфекциялашты. Бул биздин үй-бүлөнүн гана көйгөйү эмес, жалпы улуттун саламаттыгы“,- дейт.
Олжобай Шакир үй бетин көрбөй кызматта жүргөн дарыгерлерге жана ӨКМ кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, кенебей жүргөндөргө дагы бир жолу оорунун бар экенин эскертти.