“Өкмөттүн чечимине ылайык, 5-июндан тарта үзгүлтүксүз ички каттамдар кайрадан жандандырылат, аларды “Тез Джет” авиакомпаниясы ишке ашырат. Каттамдар алгач бир жумада төрт жолу, кийинчерээк күнүнө бир жолу ишке ашырылышы пландалууда. Бирок, авиакомпания 8-июндан баштап каттамдарын ишке киргизери күтүлүүдө”, – деп билдирди Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев.
Ал белгилегендей, “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” эл аралык аэропорттору үзгүлтүксүз ички каттамдарды ачууга даяр.
“5-июндан баштап республика боюнча облустар жана райондор аралык жүргүнчү ташыган каттамдар толук кандуу ишке кирет. Анын алкагында, жүргүнчүлөрдү ташуучу ишканалар менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, санитардык нормаларды сактоо боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди. Жүргүнчү ташыган унаалардын ичи рейске чыгуудан мурда дезинфекцияланышы шарт, ал эми айдоочусу медициналык текшерүүдөн өтүшү кажет. Транспорт каражаты 60-70%га гана жүргүнчүлөр менен камсыз болушу керек”, – деп билдирди Автоунаа, суу транспортунун жана салмактык ɵлчɵм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун милдетин аткаруучусу Касымалы уулу Арслан.