Нарында сел жүрдү. Кесепетинен кийинки кырдаалды аныктоо боюнча үч комиссия түзүлдү (сүрөт, видео)

395

Нарын шарындагы селдин кесепетинен кийинки кырдаалды аныктоо боюнча үч комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-июнда Жарандык коргонуунун башчысы, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров жарандык коргонуунун мүчөлөрү менен чукул жыйналыш өткөрүп, 3 комиссия түздү.

Нарын шаарында 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан жалпы 60 турак үйлөрдүн короолорун, чарбалык курулуштарын жана унаа жолдорду каптаган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасына ылайык жеринде кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин аткаруу максатында ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, жалпы 48 куткаруучу, 3 унаа, 3 мотопомпа тартылган жана  Таза-Нарын ишканасынан 1 грейдер, 1 экскаватор, Суу канал ишканасынан 1 суу сордуруучу унаа, облустук жана райондук Жарандык коргонууу кызматтарынан 10 даана инженердик техника тартылган. Мындан сырткары КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 470 литр дизель бөлүнүп берилген.

Тартылган күчтөрдүн жардамында 15 турак үйдүн короо-жайлары кум шагылдан тазаланган.

Бүгүн дагы селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылат. Каза болгондор жана жабыр тарткандар жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь