Социалдык тармактарда Нарын шаарынын тургуну ызаланган видео тарады. Анда ал кечээ 3-июнда сел каптоодон үйү жабыркаганын айтып, “Мэр складдарды карабайбыз, сиздин үй склад турбайбы!”-деген сөзүнө капа болгонун бидирет.
Нарын шаардык мэриясы аял кишинин айткандарына жооп берди. Мэр Нурбек Молдокадыров 3-июнь күнү суу каптай баштаган мезгилден тартып, аталган аймактардын баарын кыдырып, тапшырмаларды берип, керек болсо өзү кошо жардам берип жатты деп билдирет мэриядан.
“Бул апа шаар башчысынын сөздөрүн туура эмес түшүнүп калган. Себеби, жардам сурап кайрылгандар көп болгондуктан: “Эң биринчи үйлөрүн каптагандарга жардам берели, андан соң короо-жайын каптагандарга жардам беребиз!”-деп жооп берген.Бул үй урап жатканда жанындагы үйдөн мотопомпа менен суу каналга сордурулуп жаткан ж.б. техникалар да кызматта болчу”,- деп билдирет мэриядан.
Учурда, калаа башчысы Нурбек Молдокадыровдун тапшырмасы менен ушул аймакта 3 комиссия иш алып барып жатат. Бул тургунга да барып, келтирилген зыян боюнча маалымат алынат.
Бул эженин ызалангыдай жөнү бар…: "Мэр складдарды карабайбыз, сиздин үй склад турбайбы!"–деп айтты, деп эженин көөнү ачышып жатат. P.S Урматтуу мэр, чон там куруп алгандар сиздердин жардамга муктаж эмес. Уят. Дароо чара көрүлүп, бул эжеге жардам берилсин… #калктымазакаалуугаболбойт
Опубликовано Калысом Жумадиловым Среда, 3 июня 2020 г.