Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечээ 3-июнда 1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну М.Ч. кармалды. Ал автомашинаны укукка жат түрдө ээлеп алып (автоугон), изин жашырганга шектелип жатат.
Ош шаарынын А.Масалиев проспектисинин тургуну өзүнүн «Тайота-Раум» үлгүсүндөгү автомашинасынын ушул жылдын 6-мартынан 7-мартына караган түнү белгисиз жарандар өз үйүнүн алдынан уурдап айдап кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган болчу.
Иликтөө издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары жогоруда белгилеген 1990-жылы туулган М.Ч. кармалды.
Учурда шектүү жарандын үстүнөн КР жазык кодексинин 206-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылды, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Автомашина Ош шаарынын аймагындагы автоунаа коюучу жайлардын биринен табылып, ээсине кайтарылып берилди.