Бишкектеги соода борборлорунун биринин ажатканасында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 22 жаштагы жигитти сот актап жиберди. Бул туурасында депутат Айсулуу Мамашова 4-июнда парламенттин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу карап, “кыз зордукталган эмес” деген чечим чыгарып, шектүүнү жазадан бошоткон. Аны менен катар эле жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендирген. Мындан улам алар райондук соттун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко кайрылып, андан да утулуп калган. Учурда Жогорку сотко даттанып жатышат.
“Жакында эле Балдарды коргоо күнүн белгилеп, куттуктаганбыз. Бирок мага Bishkek Park соода борборунун ажатканасында зордукталган 13 жаштагы кыздын энеси менен адвокаты кайрылды. Далилдери бар экенине, экспертизанын корутундусу чыкканына карабай, көпчүлүккө белгилүү судья Айбек Эрнис уулу (экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин караган) шектүү баланы актап жиберди. Ал жаш балдар лагеринде иштеп жүрчү экен. Тилекке каршы, анын башка кыздарды да зордуктаганы боюнча күбөлөр айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин ал эркиндикте жүрөт. Себеби анын органдарда иштеген туугандары бар экен. Мындай адамдар түрмөдө отуруш керек болчу. Мындай болбош керек. Ушундай сотторго нааразымын. Бул ишти Жогорку Сотто калыс карап берүүсүн суранам“, — деди Мамашова.