4-июнга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды

269

2020-жылдын 4-июнуна карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 28 учур катталды:

Бишкек ш. – 15
Нарын облусу – 1
Ош ш. – 4
Ош облусу – 6
Чүй облусу – 1
Ысык-Көл облусу – 1

Бүгүнкү күндө COVID-19 вирусунун жаңы 28 учуру катталды. Алардын бири четтен келген жарандан табылса, 20сы медициналык көзөмөлдө тургандардан аныкталды. Ал эми, калган 7 учурдун жугузуп алган булагы табыла элек”, -деди Саламаттык сактоо министринин орун басары
Н.Усенбаев.

Республика боюнча: 1899

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:
• Бишкек ш. – 2
• Ош ш. – 4
• Нарын облусунда – 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 5 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 372 учур катталды, алардын ичинен 270 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь