Бир суткада 48 бейтап коронавирустан айыкты, обсервацияда 2 132 адам жатат

189

Кыргызстанда бир сутка ичинде 48 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Сутка ичинде Бишкек шаарынан 7, Нарын облусунан 29, Ош облусунан 2, Ош шаарынан 9, Жалал-Абад облусунан 1 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Республика боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 1340 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

Үсөнбаев кошумчалагандай, ооруканадан чыгарылгандардын кайталап алынган анализдери терс болуп чыккан.

Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 617

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 046 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 132 адам жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь