Бишкекте Гоголь көчөсү менен Чүй проспектинин кесилишинде айдоочу пицца жеткирип бара жаткан мотоциклченди сүздү. Окуянын видеосу «Короче» телеграм-каналына жарыяланды.
Видеодо көрүнүп тургандай, “Мерседес” унаасынын айдоочусу сүзүп алган баланы ордунан тургузууга жардам берип жатат.