Бишкекте базардан эркек кишини уурдап чыгышып, катуу сабагандар кармалды (сүрөт)

713

Сокулук районунда адам уурдоого шектелип төрт адам кармалды. Ички иштер министрлигинен билдиргендей, июнь айынын башында белгисиз адамдар мурда соттолгон эркек кишини Бишкектеги базардан уурдап кетип, аны өлтүрүүгө аракет кылышкан.

Бул факт “Адам уурдоо” беренеси менен КЖБРге катталган.

Кылмышка шектүүлөр Сокулук районундагы Күн-Туу айылынан алыс эмес жерден кармалышты. Кармалган төрт жаран Ысык-Көл облусунун жана Жалал-Абад облусунун тургундары болгон, буга чейин бир нече жолу соттолгондору бар. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жабыркаган адам токмоктолгон абалда ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтарда бул кылмыш эки тараптын ортосундагы маселелерге байланыштуу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь