ВИДЕО – Тиллаев: “Жаныш Рүстөнбеков эң абройлуу, эң алдыдагы дипломат деп…”

368

Элдик медиа порталынын “Элдик талкуу” программасынын коногу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рүстөнбеков боюнча оюн ортого салды.

Анда ал былтыр Баткендеги чек арага чектеш жайгашкан Көк-Таш, Максат айылдарындагы чыр чатактан кийин Рүстөнбеков боюнча маселени Тышкы иштер министрине койгондугун белгилеп, бирок министр Жаныш Рүстөнбеков дипломаттардын арасындагы эң абройлуу, алдыдагы кызматкер, ал кишиде маселе жок экендиги тууралуу жооп уккандыгын белгиледи. Андан улам, өкмөткө мүмкүнчүлүк берилген. Себеби, өкмөткө биз дагы мүмкүнчүлүк бербесек, эртең эле алар “бизге мүмкүнчүлүк берген эмес”, –  деп чыкмак дейт Тиллаев. “Акыркы окуялардан улам кече чек араны талкулоодо Рүстөнбеков тууралуу дагы сөз болду”, – деп кошумчалады эл өкулү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь