“Дөө Чыңгыз” камактан чыгаары айтылууда

406

11-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты менен белгилүү болгон Жумагулов Чыңгыз Адашкановичке карата өкүм чыгарууга даярданып жатышат. Бул тууралуу  Kaktus.media басылмасы жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, сотто төрагалык кылган судья Чыңгыз Жумагуловду бошотууну көздөп жатат. Анткени Дөө Чыңгыздын “кол астындагылары” – уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү, 1984-жылы туулган Марсбек Тентиев жана 1981-жылы туулган Илияс Айдакеев анын күнөөсүн мойнуна алышкан.

Чыңгыз Жумагулов эмнеси менен белгилүү болгон жана эмне үчүн соттолгон?

Чыңгыз Жумагулов 1981-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда туулган. Анын аты-жөнү милициянын көптөгөн билдирүүлөрүндө айтылган. Ал көп жолу кармалып, тергөө абагына камалган. Андан тышкары, ал соттун өкүмү менен күчөтүлгөн режимдеги колонияда узак мөөнөткө кесилген. Бирок бир нече жылдан кийин ал түрмөдөн “таза абийир менен” чыгууга жетишкен.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь