«Жаңы дем» стратегиялык өнөктөштүк : “Биздин альянс – бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес” (сүрөт)

333

Кыргызстанда бир топ саясатчылар «Жаңы дем» деген ураан алдында стратегиялык өнөктөштүккө бириккенин, парламенттик шайлоого чогуу аттанарын жарыялашты.

5-июнда кабыл алынган меморандумга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен» социалисттик партиясы), Темир Сариев («Ак шумкар» саясий партиясы), Жанарбек Акаев (Кыргыз либералдык-демократиялык партиясы), Рыскелди Момбеков (Социал-демократиялык тобу), Тилек Токтогазиев («Жаңы Дем» жаштар бирикмеси) жана Азамат Темиркулов («Жашыл күчтɵрдүн коалициясы») кол коюшту.

Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация.

Биз, төмөндө кол койгон Кыргыз Республикасындагы саясий күчтөрдүн өкүлдөрү, стратегиялык өнөктөштүккө бириккенибизди жарыялайбыз.

2020-жыл тарыхка жалпы дүйнөдө жаңы реалдуулуктун башталышы катары киргени жатат.

СOVID-19 пандемиясы абдан чоң экономикалык жана гуманитардык кризистин себеби болуп калды. Пандемиялык шартта глобалдык экономикалык система түп-тамырынан өзгөрүп, эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк базардын структурасы кайра түзүүгө мажбур болду. Планетабызда жашаган адамдардын көпчүлүк бөлүгүнүн социалдык стандарты төмөндөп жатат.

Мындай учурда Кыргыз Республикасы абдан маанилүү тандоонун алдында турат. Биз дүйнөлүк өнүгүүнүн эң акыркы чегинде калып, мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен колдон чыгарышыбыз мүмкүн. Же болбосо жарандарыбыз көксөп күткөн жаркын келечекти гана эмес, азыр татыктуу, өнүккөн шартта жашаган Кыргызстанды куруу мүмкүнчүлүгү турат.

Бул үчүн азыркыдай экономика кыйын кырдаалга кептелген учурду жаңы мүмкүнчүлүк катары колдонуу зарыл.

Анын алкагында өлкөдөгү башкаруу системасынан тарта саламаттык сактоо, билим берүүгө чейинки багытта радикалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу керек.
Биздин өлкө «чагылгандай» тез реформалык чечимдерге муктаж болуп турат. Бул реформанын жыйынтыгын мекендештерибиз 2021-жылдан тарта сезгендей болушу керек.

Бизде өлкөдө реалдуу өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу үчүн саясий эрк гана эмес, административдик, уюштуруу жаатында кандай кадамдарга жасаш керектиги боюнча так көз караш, план бар.

Биздин бирикме бай тажрыйба менен заманбап түшүнүктөр, жаңы көз караш менен саясий акылмандыкты жуурулуштуруп турат.

Биз элибиздин каада-салты, баалуулуктары жана уникалдуу маданиятты сактоо жаатында КОНСЕРВАТОРБУЗ.

Бирок өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган кандай чечим болбосун РЕФОРМАТОРЛУК көз карашты бекем сактайбыз.

Биздин альянс – бул шайлоо алдындагы гана долбоор эмес. Узак мөөнөттүү максаттарыбыз бар.
Жакынкы максатыбыз – келе жаткан парламенттик шайлоого катышуу жана жаңы күч катары элибиздин ишенимине ээ болуу.

Биз «Жаңы дем» деген ураан алдында бириктик жана Кыргызстаныбызга жаңы дем болчу саясий күчтөрдүн жаңыланышын максат кылабыз.
Биз бардык саясий партиялар, жарандык коом өкүлдөрү менен конструктивдүү кызматташууга даярбыз жана мекендин келечегине кайдыгер карабаган жарандарды өз катарыбызга чакырабыз.

Бирикмебиздин кийинки кадамы катары Кыргызстанды өзгөртчү конкреттүү иш-аракеттердин «жол картасын» жарыялайбыз.

Биз учурдагы тарыхый мүмкүнчүлүктү толугу менен колдонуп калууга милдеттүүбүз. Өлкөбүздүн ар бир жараны өнүккөн, байгер шартты кайсы-бир учурда деп күтүп отурбай, эртең сезгендей иштерди аткарышыбыз керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь