“Зуба” аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (сүрөт)

293

Алмүдүн РИИБнин кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу 5-июнда Чүй ОИИББнен билдирди.

Кечээ Аламүдүн райондук милиция кызматкерлери Зуба аттуу адам бул райондо каракчылык уюштурганы жатканы жөнүндө маалымат алышкан. 

Укук коргоо органдары ал адам буга чейин соттолгон 43 жаштагы Ю.З. экенин аныктады. Мындан тышкары Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттосунда турган.

Кылмышка шектүүнү милицияга алып келгенде, 32 жаштагы аялды тоногонун мойнуна алды. Үйүнө тинтүү жүргүзгөндө курал табылган.

Учурда шектүү №1 тергөө абагына киргизилип, тергөө уланууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь