Ош облусуна караштуу Туран кичи районундагы Ак-Буура-Араван каналына 1973-жылы туулган аял чөгүп кетти.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жерине тартылган куткаруучулар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришкен. Жалпы 4 куткаруучу тартылган.