“Кыргыз темир жолунда” акчанын 15% жетекчиликке түшүп турган, төрт адам кармалды

297

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Кыргыз темир жолу» ишканасынын ишине байланыштуу төрт адам камакка алынганын 5-июнда кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, алар – ишкананын азыркы жана мурда иштеп кеткен жооптуу кызматкерлери, сатып алууга катышкан башка компаниянын бир өкүлү.

Алар ишканадан акча каражатын алып чыгуу боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар деп шектелүүдө.

Атайын кызмат мамлекеттик сатып алууда баалар атайылап жогорулатылып, бөлүнгөн акчанын 15 проценти ишкананын мурдагы жетекчилигине түшүп турган деп шек саноодо.

УКМК “Сотко чейинки териштирүү алкагында жүргүзүлгөн соттук экспертизанын жана Эсеп палатасынын аудитинин натыйжасында мамлекеттик сатып алуулардын айрымдары боюнча гана мамлекетке олуттуу материалдык чыгым келтирилгени аныкталды” деп билдирди.

Ишкана өзү атайын кызматтын маалыматы боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь