Марлен Маматалиев “Республика” партиясынан чыкты

280

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев “Республика” партиясынын курамынан чыкты. Бул тууралуу депутат “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, мындай чечимди учурдагы кырдаалга жараша кабыл алган.

Убагында Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль “менин эң негизги максатым – элге кызмат кылуу, кызмат кылуу үчүн ошол учурда кайсы партия бийликке келе алса, ага кошулуп элге кызмат кылам” деп айткан. Ошол сыяктуу мен кырдаалды карап, “Республика” партиясынан чыгуу чечимин кабыл алдым”-деди Маматалиев.

Депутат учурда бир нече партиядан сунуш түшүп жатканын кошумчалады. Алардын ичинде “Мекеним Кыргызстан” партиясы бар экенин жана жакынкы күндөрү чечим кабыл аларын билдирди.

Буга чейин айрым сайттар “Мекеним Кыргызстан” партиясынын саясий кеңеши жаңыланып, ага Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев сыяктуу депутаттар киргенин жазып чыккан. Бул партияга киргендердин арасында Марлен Маматалиевдин да аты аталган болчу. Аты аталган башка саясатчылар комментарий берише элек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь